Түп районуна караштуу Каркыра айылында 100 орундуу мектеп курулууда
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Каркыра айылында 100 орундуу Ж.Асылбаев атындагы жаңы мектеп курулууда, деп билдирет Курулуш министрлиги.
Маалыматка ылайык, долбоорду ишке ашыруу 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып келет. Тендердик баасы 80 миллион сомду түзөт.
Башкы план боюнча эки кабаттуу окуу корпус, өтмө галерея жана заманбап спорт залдан турат. Мындан сырткары мектепте лаборатория, компьютердик жана балдар, кыздардын эмгек класстары каралган.
Курулуш-монтаждоо иштери Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.
