Кыргызстандагы эки ЖОЖ Борбор Азиядагы мыкты 20 университеттин катарына кирди
Борбор Азиядагы университеттердин QS Asia University Rankings 2027 рейтингинде Кыргызстандагы эки жогорку окуу жай алдыңкы 20 университеттин катарына кирди. Алар — Кыргыз-Түрк «Манас» университети жана Борбор Азиядагы Америка университети.
Эл аралык QS Quacquarelli Symonds аналитикалык агенттигинин рейтинги 2026-жылдын 3-ноябрында жарыяланды. Жалпы Азия рейтингине 26 өлкө жана аймактан 1 миң 722 университет кирген.
Борбор Азиядагы университеттердин рейтингинде Казакстан 20 орундун 13үн ээлеп, эң көп өкүлчүлүккө ээ болду. Өзбекстандын беш, Кыргызстандын эки университети алдыңкы жыйырмалыкка кирди.
Регионалдык рейтингдин биринчи үч орунун тең Казакстандын жогорку окуу жайлары ээледи.
Тактап айтканда, Казакстандын аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети Борбор Азияда биринчи, Азия боюнча 46-орунду ээледи. Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университети экинчи (Азияда 62-орун), Satbayev University үчүнчү (Азияда 89-орун) болду.
Ошентип, Азиянын алдыңкы 100 университетинин катарына кирген Борбор Азиядагы үч окуу жай тең Казакстанга таандык.
Борбор Азиядагы мыкты 20 университет:
-
Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети, Казакстан — 1-орун, Азияда 46-орун, 85,2 балл.
-
Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университети, Казакстан — 2-орун, Азияда 62-орун, 79,9 балл.
-
Satbayev University, Казакстан — 3-орун, Азияда 89-орун, 74,4 балл.
-
TIIAME Улуттук изилдөө университети, Өзбекстан — 4-орун, Азияда 113-орун, 68,4 балл.
-
Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университети, Казакстан — 5-орун, Азияда 138-орун, 64,1 балл.
-
Nazarbayev University, Казакстан — 6-орун, Азияда 139-орун, 64 балл.
-
М. Ауэзов атындагы Түштүк Казакстан университети, Казакстан — 7-орун, Азияда 185-орун, 57,1 балл.
-
Казак улуттук агрардык изилдөө университети, Казакстан — 8-орун, Азияда 189-орун, 56,7 балл.
-
Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университети — 9-орун, Азияда 196-орун, 55,1 балл.
-
Е.А. Бөкетов атындагы Караганда улуттук изилдөө университети, Казакстан — 10-орун, Азияда 202-орун, 54,1 балл.
-
Самарканд мамлекеттик университети, Өзбекстан — 11-орун, Азияда 215-орун, 52,3 балл.
-
Кожо Ахмет Ясави атындагы Эл аралык казак-түрк университети, Казакстан — 12-орун, Азияда 227-орун, 50,8 балл.
-
Ташкент мамлекеттик экономика университети, Өзбекстан — 13-орун, Азияда 255-орун, 47,6 балл.
-
Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Кыргызстан — 14-орун, Азияда 256-орун, 47,3 балл.
-
Борбор Азиядагы Америка университети, Кыргызстан — 15-орун, Азияда 267-орун, 46,2 балл.
-
Narxoz University, Казакстан — 16-орун, Азияда 276-орун, 45,3 балл.
-
Ташкент мамлекеттик техникалык университети, Өзбекстан — 17-орун, Азияда 281-орун, 45,1 балл.
-
Сакен Сейфуллин атындагы Казак агротехникалык изилдөө университети — 18-орун, Азияда 288-орун, 44,7 балл.
-
Абылкас Сагынов атындагы Караганда техникалык университети, Казакстан — 19-орун, Азияда 293-орун, 44,3 балл.
-
Казак-Британ техникалык университети, Казакстан — 20-орун, Азияда 295-орун, 44,2 балл.
Кыргызстандын университеттеринин арасынан кийинки орунда Ош мамлекеттик университети турат. Ал Борбор Азияда 23-орунду, Азия боюнча 341-орунду ээлеп, 41,1 балл алган.
Кыргыз улуттук университети региондо 26-орунга, Азияда 415-орунга жайгашып, 36,9 балл топтогон.
Кыргыз-Россия Славян университети Борбор Азияда 28-орунду, Азияда 466-орунду ээлеп, 34,4 балл алган.
Алдыңкы жыйырмалыкты салыштырганда Казакстандын университеттери басымдуулук кылат. Жалпы орундардын 65 пайызы, башкача айтканда, 13ү Казакстанга таандык. Өзбекстан беш орунду (25%), Кыргызстан эки орунду (10%) ээлеген.
Алдыңкы ондукта Казакстандын сегиз, Өзбекстандын эки университети бар. Кыргызстандын бир дагы жогорку окуу жайы бул тизмеге кирген эмес.
Кыргызстандын эң жогорку көрсөткүчүн «Манас» университети көрсөттү. Ал региондук рейтингдин лидеринен 13 орун артта калып, 14-орунду ээледи.
Ошондой эле Казакстан Азиянын алдыңкы 100 университетинин катарына үч окуу жайын киргизди. Өзбекстандын эң мыкты көрсөткүчүн көрсөткөн TIIAME университети Азияда 113-орунда болсо, Кыргызстандын лидери «Манас» университети 256-орунду ээледи.
Белгилей кетсек, QS Asia University Rankings рейтингинде университеттер академиялык аброю, иш берүүчүлөр арасындагы кадыр-баркы, илимий ишмердүүлүгү, эмгектеринин цитаталанышы, окутуучулар менен студенттердин катышы, эл аралык кызматташтыгы жана башка көрсөткүчтөр боюнча бааланат.
