Бала бакчалардагы ваучердик система: мамлекет кандай балдарга акча бөлөт? 
30 март

Бала бакчалардагы ваучердик система: мамлекет кандай балдарга акча бөлөт? 

Кыргызстанда ваучердик каржылоо пилоттук долбоору бир жылга жетпеген убакыт мурда ишке ашып баштаган. Бул убакта бир катар жыйынтыктар болгонун Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү комитетинин жыйынында агартуу министринин орун басары билдирди. 

Айтымында, жыл сайын Кыргызстанда 140 миңдин тегерегинде бала төрөлөт. Ал эми учурда 3-4-5 жаштагы балдардын 50 пайызы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тарбияланышат. Мындан улам өлкө алдында жакынкы жылдарда ал балдардын  80 пайызын мектепке чейинки билим берүү менен камсыз кылуу тапшырмасы турат. 

Пилоттук долбоордун алкагында, ваучердик система менен бала бакчаларга кабыл алынуу боюнча 13 миң 447 арыз түшкөн. Бирок азырынча 532 бала кабыл алынды. Кеп жеке менчик жана үй тибиндеги бала бакчалар тууралуу болууда. Анын жыйынтыгында, тарбиячы, тарбиячынын жардамчысынын кошумча жумуш орундары түзүлүп, жалпысынан 8 874 жумуш оруну түзүлдү. 

Министрдин орун басарынын айтымында, ваучердик системаны: 

  • майыптуулугу бар балдар;
  • майыптуулугу бар жарандардын балдары;
  • көп балалуу үй-бүлөнүн балдары;
  • аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөнүн балдары пайдала алышат. 

Анын негизинде ваучердик системага туш болгон бала ай сайын 2 миң сомдон 4,5 миң сомго чейин мамлекет тарабынан каржыланат. 

Депутат Токтобүбү Ашымбаева 264 бала бакча ваучер болуп, ага 532 гана баланын кабыл алынышын аз көрсөткүч деп баалады. 

“Ошондо бир бала бакчага бир-эки гана бала кабыл алыныптыр. Бул аз эмеспи?” – деди. 

Депутатка бул пилоттук долбоор экенин, эгерде жыйынтыгы жакшы чыкса, келечекте республика боюнча жайылтыларын жана ваучердик системаны колдонгон балдардын саны көбөйтүлөрүн түшүндүрүштү. 

“Долбоордун ишке ашылырып баштаганына бир жыл болуп калды. Эми айылдардагы жеке менчик бала бакчалардын башчылары санааркап башташты: долбоор кийинки жылы да улантылабы, каржылоо үзгүлтүккө учурабайбы, айыл өкмөт каражат которобу деп. Бул маселе кандай чечилет?” – деди Ашымбаева. 

Агартуу министринин орун басарынын айтымында, каржылоо улантыла берет. Бала жеке менчик бала бакчага ваучердик система менен кабыл алынгандан кийин ал ошол жерде тарбиялануусун улантууга тийиш. Андыктан каржылоо токтобойт.