Араван районунда 90 орундуу жаңы бала бакча ачылды
2 июнь

Араван районунда 90 орундуу жаңы бала бакча ачылды

Ош облусунун Араван районунун 90 жылдыгына карата Достук айыл аймагынын Пахта-Абад айылында бүгүн 90 орундуу жаңы бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Эки кабаттуу балдар бакчасынын имараты бардык талапка ылайыкталып, керектүү шарттар түзүлгөн.

Белгилей кетсек, балдар бакчасынын курулушу 2024-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен башталган. Имараттын жалпы тендердик баасы 34 миллион 500 миң сомду түзөт.

Бакчанын ачылышына президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев катышып, бакча жамаатын жана жергиликтүү тургундарды бакчанын ачылышы менен куттуктады.