Кыргызстан боюнча 120 бала бакчанын курулушу жана капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө
Кыргызстан боюнча 120 бала бакчанын курулушу жана капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлайт.
Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Алсак:
- Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча – 10
- Баткен облусунда – 8
- Жалал-Абад облусунда –34
- Ысык-Көл облусунда – 15
- Нарын облусунда – 16
- Ош облусунда – 29
- Талас облусунда – 8 бала бакча.
"Ал эми 2025-жылы республикалык бюджеттен 8 млрд сомдон ашык каражат бөлүнүп, республика боюнча 500дөн ашык социалдык объект курулуп, оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат", – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Эгемендүүлүк күнүнө карата 100дөн ашык социалдык объектини ишке берүу пландалууда, анын ичинен 20дан ашыгы бала бакча болот.
