Спорт колледжиндеги тааныш-билиштик: турнирге ийгилик жараткандар эмес, жетекчиликтин жакындары барат
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жылдыз Эгембердиева Шералы Сыдыков атындагы спорт колледжиндеги айрым маселелерди ачыкка чыгарды.
Айтымында, өлкөдөгү келечектин чемпиондорун тарбиялоочу бирден бир маанилүү окуу жайында тааныш-билиштик өкүм сүрөт. Андан сырткары спортчуларга каралган шарт дагы жакшы эмес.
“Тамак-аштын порциясы аз. Ашпозчулар көпкө кармалышпайт экен, иштен кетип калышат. Витаминдүү тамак-аш берүү жок. Машыгуудан кийин массаж да жок. Андан сырткары турнирлерге 1 -, 2-, 3-орунду алган балдар барбай, алардын ордуна жетекчиликтин тааныштары кошулат экен. А калган балдар ата-энесинин эсебинен барууга аргасыз болушат”, – деди депутат.
