Депутат 140 балага ылайыкташкан бала бакчага 222 баланы батырууну “элде жок тажрыйба” атады
22 апрель

Депутат 140 балага ылайыкташкан бала бакчага 222 баланы батырууну “элде жок тажрыйба” атады

Бишкектин Свердлов районуна караштуу Төмөнкү Ала-Арчада бала бакчанын имараты 1960-жылы курулган. Андан бери бир да жолу капиталдык ремонт боло элек. Учурда авариялык абалдагы, дубалдагы көгөрүп кеткен имаратта 222 бала тарбияланууда. 

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу билдирди. 

“Нурдан” муниципалдык бала бакчасы 2025-жылдан бери титулдук тизмеге киргизилет, бирок оңдоо иштери жүргүзүлгөн жок. Бул бала бакчага 153 бала кезекте турат, а 222 бала тарбияланып жатат. Бирок долбоордук көрсөткүчү боюнча 140 балага ылайыкташкан. 140 бала батчу жерге 222 баланы батыруу – бул өзгөчө тажрыйба”, – деди депутат. 

Ал жаңы бала бакча куруу зарылдыгын кошумчалады. 

Ошондой эле депутат Элдик банк пенсионерлерге “спорттук көнүгүү” уюштуруп жатканын айтты. Ал белгилегендей, аталган айылда Элдик банктын банкоматы коюлган эмес, пенсионерлер жана майыптыгы бар адамдар пенсиясын алуу үчүн өйдөгө жөө чыгып барууга аргасыз.