www
15 май
Кыргызстанда быйыл 80 миңден ашуун окуучу мектепти аяктайт
Кыргызстандын Агартуу министрлиги быйыл 80 миңден ашуун окуучу мектепти аяктай турганын маалымдайт.
Тагыраагы, 2025–2026-окуу жылында 11-классты 80 миң 829 окуучу аяктаса, 9-классты 135 миң 979 окуучу бүтүрөт.
Белгилей кетсек, өлкөнүн бардык мектептеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаты 29-майда өтөт.
