Кыргызстан менен Корея интеллектуалдык менчик тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет
Сеул шаарында Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Лира Сулайманова Кореянын Интеллектуалдык менчик институтунун (KIPI) президенти Бён Сам Кан менен жолугушту.
Жолугушууда Кыргызстандын интеллектуалдык менчик системасын санариптик трансформациялоо, маалыматтык системаларды өнүктүрүү, административдик процесстерди автоматташтыруу жана жасалма интеллектти колдонуу маселелери талкууланды.
Кыргыз тарап Кореянын алдыңкы тажрыйбасын, анын ичинде заманбап санариптик сервистерди түзүү жана колдонуучуга багытталган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү боюнча практикалык чечимдерин үйрөнүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эксперттик жана техникалык кызматташтыкты тереңдетүүгө, ошондой эле Кыргызстандын интеллектуалдык менчик системасын өркүндөтүү боюнча практикалык жол картасын иштеп чыгууга даяр экендиктерин ырасташты.
Иш сапардын алкагында кыргыз делегациясы кореялык эксперттер менен консультацияларга жана интеллектуалдык менчикти санариптик башкаруу боюнча семинарларга катышууда.
