Медициналык билим берүү уюмдарынын студенттерин борборлоштурулган тартипте которуу иштери башталды
Сүрөт ачык булактардан алынды
4 август

Медициналык билим берүү уюмдарынын студенттерин борборлоштурулган тартипте которуу иштери башталды

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын, ошондой эле медициналык билим берүү тармагында мамлекеттик монополияны киргизүүнү караган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын № 6 Мыйзамын ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик аккредитациядан өтпөгөн медициналык билим берүү уюмдарында билим алып жаткан студенттерди аккредитациядан өткөн билим берүү уюмдарына борборлоштурулган тартипте которуу иштери башталганын маалымдайт.

Билим берүү процессинин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу жана студенттердин укуктарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2026-жылдын 3-августундагы № 912 буйругу менен мамлекеттик аккредитациясы жок жогорку жана орто кесиптик медициналык билим берүү уюмдарынын студенттерин борборлоштурулган тартипте которуунун жобосу бекитилди.

Бекитилген тартипке ылайык, студенттер окуусун улантуу үчүн мамлекеттик аккредитациядан өткөн билим берүү уюмдарына которулат.

Арыздарды кабыл алуу тартиби:

Документтерди тапшыруу мөөнөтү: борборлоштурулган тартипте которула турган студенттер арызын жана керектүү документтерин 2026-жылдын 10-августуна чейин (кошо алганда) тапшырышы керек.

Карап чыгуу тартиби: документтер кабыл алынгандан кийин кабыл алуучу аккредитацияланган билим берүү уюму аларды белгиленген тартипте карап чыгып, студентти кабыл алуу боюнча акыркы чечимди кабыл алат.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги студенттерди борборлоштурулган тартипте которуу мамлекеттик белгиленген жол-жобонун негизинде гана жүргүзүлөрүн, ал толук акысыз ишке ашырылып, эч кандай төлөм алынбай турганын өзгөчө белгилейт.

Министрлик студенттерди жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүн маалыматты расмий булактардан гана алып, документтерди белгиленген мөөнөттө тапшырууга чакырат.

Жогорку медициналык билим берүү уюмдарынын студенттерин которуу боюнча комиссиянын чечимине ылайык:

1.    Мамлекеттик аккредитациядан өтпөгөн медициналык билим берүү уюмдарында окуп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары болгон бардык студенттер И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына которулат.

2.    «Роэль Метрополитен Университетинин» студенттери Түштүк Азия университетине которулат.

3.    «Авиценна» эл аралык университетинин жана «Альтамими» эл аралык университетинин студенттери Эл аралык Европа университетине которулат.

4.    Борбордук Азия эл аралык медициналык университетинин «Фармация» адистигинин студенттери Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине, ал эми «Дарылоо иши» адистигинин студенттери Жалал-Абад эл аралык университетине которулат.

5.    «Салымбеков Университетинин», «Адам» университетинин, ошондой эле И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин «Дарылоо иши» адистигинин студенттери Эл аралык жогорку медицина мектебине которулат.

6.    Евразия эл аралык университетинин жана Эл аралык медициналык университеттин студенттери «Кыргызстандын эл аралык университети» окуу-илимий-өндүрүштүк комплексине которулат.

7.    Ош эл аралык медициналык университетинин студенттери Ош мамлекеттик университетине которулат.

8.    Бишкек эл аралык медициналык институтунун жана Медицина жана илим эл аралык университетинин студенттери С. Тентишев атындагы Азия эл аралык университетине которулат.

9.    Кыргыз медициналык-стоматологиялык институтунун жана «Ала-Тоо» эл аралык университетинин «Стоматология» жана «Фармация» адистигинин студенттери И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына которулат.

10. Эл аралык Европа университетинин жана «Авиценна» эл аралык университетинин «Стоматология» адистигинин студенттери С. Тентишев атындагы Азия эл аралык университетине которулат. Ошондой эле Эл аралык Европа университетинин «Стоматология» адистигинин 10-семестринин студенттери И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына которулат.

Орто медициналык билим берүү уюмдарынын студенттерин которуу боюнча комиссиянын чечимине ылайык:

1.    «Уникум» Кыргыз медициналык-социалдык колледжинин, №1 Медициналык-фармацевтикалык колледждин жана «Авиценна билим» эл аралык университетине караштуу медициналык колледждин студенттери Медициналык-фармацевтикалык колледжге которулат.

2.    Н. И. Пирогов атындагы медициналык колледждин студенттери Кара-Балта медициналык колледжине которулат.

3.    Ысык-Көл медициналык-стоматологиялык колледжинин студенттери И. К. Ахунбаев атындагы Каракол медициналык колледжине которулат.

4.    Кочкор-Ата аймактык колледжинин «Медайымдык иш» жана «Акушердик иш» адистигинин студенттери Майлуу-Суу медициналык колледжине, ал эми «Фармация» адистигинин студенттери Жалал-Абад медициналык колледжине которулат.

5.    Токтоматов атындагы эл аралык университетке караштуу медициналык колледждин «Медайымдык иш» жана «Дарылоо иши» адистигинин студенттери Жалал-Абад медициналык колледжине которулат.

6.    «Авиценна» эл аралык медициналык университетине караштуу медициналык колледждин студенттери А. Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжине которулат.

7.    «Физикалык терапия» адистигинин студенттери өздөрүнүн жеке арызынын негизинде тандаган мамлекеттик аккредитациядан өткөн медициналык колледждерге тиешелүү адистик боюнча которулат.

Орто кесиптик медициналык билим берүү уюмдарынын студенттерин которуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы №329 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттерин которуу, окуудан чыгаруу, кайра кабыл алуу жана академиялык өргүү берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт. Мында окуу пландарындагы академиялык айырма 30 академиялык кредиттен ашпоого тийиш. Кабыл алуучу билим берүү уюму билим берүү программасынын мазмунуна жараша академиялык кредиттерди эсепке алууга (валидациялоого) укуктуу.