Кыргызстанда мугалимдердин эмгек акысынын жаңы модели киргизилүүдө
18 июль

Кыргызстанда мугалимдердин эмгек акысынын жаңы модели киргизилүүдө

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева мугалимдерди 12 жылдык билим берүүгө өтүүдөн чоочулабоого чакырды:

«Алдыдагы 3 жыл түйшүктүү болот. Жаңы муундагы китептер менен камсыз кылабыз. Мугалимдерди даярдайбыз, аларга болгон талапты өзгөртөбүз. Мектепте мыктылардын мыктысы иштешине шарт түзөбүз. Бирок чоочулоого негиз жок: биз мугалимдерди жөн эле таштап койбойбуз: методикалык колдоо көрсөтүлөт, жаңы муундагы окуу китептерин кантип пайдаланууну, технологияны башкарууну үйрөтөбүз. Ошол эле учурда алардын сабак берүүсүн баштагыдай директор, завучтар текшербейт, санариптик технологиянын жардамы менен мугалимдердин ишмердүүлүгү бааланып турат».

Ал мугалимдердин айлык акысы эки этап менен: 2026-жылдын апрелинде жана 2026-жылдын октябрь айында көбөйөөрүн белгилеп, мында мурдагыдай баарын теңдештирүү менен акы төлөө системасы жокко чыгаарын айтты.

«Баланын билими өскөн сайын мугалимдин да айлыгы өскүдөй системаны киргизебиз. Булар ажырагыс байланышта болуп калат», – деди Кендирбаева.