Кендирбаева: Кыргызстан табигый ресурстарга жарды болгондуктан, адам капиталын даярдоого басым жасашы керек
Кыргызстанда 12 жылдык мектептердин биринчи аттестаты 2028-2029-окуу жылында берилет. Бул тууралуу агартуу министри Докдуркүл Кендирбаева түз эфирде билдирди.
Айтымында, быйыл саясий, укуктук-нормативдик документтердин бүт баары кабыл алынды – бул концепция, 12 жылдык моделди жөнгө салчу мамлекеттик билим берүү стандарты, ошондой эле 38 предметтик стандарт иштелип чыкты.
«12 жыл – айтып коюуга оңой болгону менен өтө оор, окуу китептери менен камсыз кылуу зарыл. Дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаларды мамлекеттин каражаты менен изилдедик. Буга чейин билим берүү системасы донорлордун, жарандык коомдун өкүлдөрү менен кыймылдап келген. А бүгүн биз улуттук концепцияны, программаны улуттук адистер менен, тыштан бир тыйын да албай, өзүбүз жасадык», – деди министр.
Айтымында, Кыргызстан STEM багытындагы 36 китеп боюнча Сингапурдун билим берүү жаатындагы Marshall Cavendish Education (MCE) программасына уруксат сатып алды. Учурда аны мамлекеттик билим берүү стандартына ылайыктап, мамлекеттик компененттерди которуу, тилдик, мазмундук которуу боюнча 200гө жакын мугалимдер, окумуштуулар, практиктер, тилчилер, техникалык кызматкерлер, техникалык редактор, корректор жана верстальщиктер күнү-түнү 3 нөөмөт менен иштөөдө.
Министр ошондой эле, 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө коомчулуктун чоочулоо менен мамиле жасап жатканы нормалдуу көрүнүш экенин белгиледи.
«Көбү советтик билим берүү эле жакшы болчу дешет. Совет системасы жоюлганына 30 жылдан ашты, ал жок, аны кура да албайбыз. Кээ бири 10 жылдык системага кайталы дейт. 150 өлкө дүйнөлүк билим берүү стандарты (12 жылдык) менен кетти, аны да токтото албайбыз. Биздин балдар учурда кайсы гана өлкөдө жүргөн жок. Биз азыр ишенимдүү өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн катарына киребиз. Бүткүл дүйнөлүк банктын көз карандысыз талдоосунда президентибиз жасап жаткан иштердин 90 пайызы прогрессивдүү деп белгиленди. Кыргызстан табигый ресурстарга жарды, ошондуктан биз адам капиталын даярдоого басым жасашыбыз керек. Ал үчүн дүйнөлүк стандарттан артта калбоого тийишпиз», – деди Догдуркүл Кендирбаева.
