Агартуу министри: Айрым ата-энелер балдарын мыкты мектепке берсе эле, гений болуп чыгат деп ойлошот
Учурда Кыргызстанда 1- жана 2- класска балдарды каттоонун 3-этабы августтан тартып ишке кирүү алдында турат. Буга чейинки эки этапта: ата-энелерге балдарын каттоодо турган жерине караштуу жана жашаган жерине караштуу болбогон мектептерге жайгаштырууга мүмкүнчүлүк берилген. Бул тууралуу агартуу министри Докдуркүл Кендирбаева түз эфиринде билдирди.
Ал белгилегендей, министрлик мамлекет жетекчилиги тарабынан коюлган башкы талапты – калктын билим берүү системасына, мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө болгон ишенимин жогорулатууну, башкача айтканда, мектептерге балдарды каттоодо ортомчуну жок кылууну ишке ашырды.
«Биз ал үчүн бардык процесстерди санариптештирдик. Мисалы, «Түндүк» системасы аркылуу балдарды мектепке каттоо бир гана ортомчудан арылтпастан, ата-энелерди кезек күтүү, медициналык тастыктамаларды топтоо сыяктуу түйшүктөн да куткарды. Эми ата-энелер үйүнөн чыкпай эле, жашаган жери боюнча жана башка мектептерге балдарын каттай алат. Жаран кайсы жерде жашаса ошол аймактагы 3 мектепке катталууга мүмкүнчүлүк берилди, «Түндүк» ал мектептерди автоматтык түрдө табат. Эгерде биринчи мектепке бала толуп калган болсо, экинчи мектепке каттала алышат», – деди министр.
Айтымында, Кыргызстанда 1,5 миллион окуучу бар. 2025-2026-окуу жылына 319 885 бала 1- жана 2-класстарга катталышы күтүлгөн. Бүгүнкү күндө жалпы орундардын 46 пайызы толо элек, дагы 147 миң баланын катталышы керек.
Ошондой эле, Кендирбаева ата-энелерди баланы алыска ташып, кыйнабай, үйүнүн жанындагы мектептерге каттоого чакырды:
«Көп учурда ата-энелер өздөрүнүн ишке ашпай калган кыял-тилектерин, өз аткара турган милдеттерин балдарына байлап, жакшы мектепке берсе эле, гений бала чыгат деп ойлошот. Ошондуктан, баланы кыйнап 5-6-10 чакырым алыстыктагы мектепке ташышат.
Биздин азыркы саясат – баланын ыңгайына арналган. Кайсы жерде жашаса, ошол жердеги мектепке барышы керек. Бардык мектептерде окуу китептери, окуу программалары, мугалимдерге болгон талап бирдей. Бирдиктүү билим берүү системасынын тутуму окшош».
