Кыргызстанда так илимдер боюнча жаңы окуу китептери даярдалууда
13 март

Кыргызстанда так илимдер боюнча жаңы окуу китептери даярдалууда

Кыргызстанда так илимдер боюнча жаңы окуу китептери даярдалууда. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди. 

Министрдин айтымында, дүйнөлүк стандарттарга жооп берүү жана сапатты жогорулатуу максатында эң алдыңкы өлкөлөрдөн лицензияланган окуу китептери алынды.

Учурда китептерди которуу жана адаптациялоо иштери ыкчам жүргүзүлүүдө.

Которуп бүткөн китептерди практикалык мугалимдер менен биргеликте адаптациялоо иштери жүргүзүлүп, андан соң терминологиялык комиссиянын кароосуна сунушталат. Китептерди сентябрга чейин басып чыгаруу пландалууда.