Курулуш министрлиги
8 сентябрь
Түп районунда 100 орундуу балдар бакчасы ачылат
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Бирлик айылында 100 орундуу жаңы бала бакча курулду.
Курулуш министрлигинен кабарлашкандай, объекттин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 80,9 миллион сомду түздү.
Имараттын жалпы аянты 946 чарчы метрди түзөт. Эки кабаттуу бала бакча заманбап талаптарга ылайык курулуп, балдар үчүн бардык зарыл шарттар каралган.
Бала бакчада бөбөктөрдүн уктоосу жана тарбиялык сааттарды өткөрүүсү үчүн бөлмөлөр, ашкана, дарыгердин бөлмөсү жана кабылдама жайгашкан.
Курулуш иштери Турак жай-жарандык курулуш департаменттин көзөмөлүндө жүргүзүлүп, объекттин сапаты тиешелүү текшерүүдөн өткөрүлдү.
