Бишкекте кыргыз элинин Монголиядагы тарыхый издери тууралуу тасма жана китептин бет ачары өтөт
Ушул жылдын 24-июнунда Кыргыз улуттук тарых музейинде «Улуу тарыхтын изи менен» аттуу даректүү тасманын жана «Монголиядагы кыргыз издери» аттуу илимий басылманын бет ачары өтөт.
Долбоорлор Монголиянын Баян-Өлгий жана Увс аймактарында жашаган кыргыздардын тарыхый, маданий жана фольклордук мурасын изилдөөгө арналган экспедициянын жыйынтыгынын негизинде даярдалган.
Иш-чаранын алкагында коомчулукка экспедиция учурунда топтолгон тарыхый-этнографиялык материалдар, архивдик маалыматтар, фольклордук үлгүлөр жана визуалдык күбөлүктөр сунушталат.
Долбоордун авторлорунун айтымында, фильм менен илимий басылма Монголия аймагындагы кыргыздардын тарыхый издери, этнонимдик жана топонимдик маалыматтар, маданий байланыштар, ошондой эле кыргыз теги менен байланышкан жергиликтүү калктын уламыштары жана эскерүүлөрү тууралуу баяндайт.
Долбоордун негизги максаты – кыргыз элинин тарыхый эс тутумун изилдөө жана сактоо, чет өлкөлөрдөгү кыргыздардын мурасын жайылтуу жана улуттук маданий баалуулуктарды даңазалоо.
Бет ачарга окумуштуулар, тарыхчылар, маданият өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат.
Иш-чара 2026-жылдын 24-июнунда саат 10:00дө Улуттук тарых музейинин конференц-залында өтөт.
