Бишкек мэриясы
10 апрель
Бишкектин Ак-Тилек конушунда жаңы бала бакча пайда болот
Ак-Тилек конушунун Ак-Шоокум көчөсүндө 100 орундуу жаңы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулушу уланууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.
Тапшырыкчы Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы. Жер тилкесинин аянты - 0,2179 гектарды түзөт, ал эми имараттын жалпы аянты — 1042,05 чарчы метр. Объект борбор калаанын Свердлов районунда жайгашкан.
Учурда темир-бетон каркасы толугу менен бүткөрүлдү, чатырын жабуу жана кирпич дубалдарын орнотуу иштери жүрүп жатат.
