Альберт Махметкулов Кореянын Кёнсанбук-до провинциясынын расмий делегациясы менен жолугушту
24 июнь

Альберт Махметкулов Кореянын Кёнсанбук-до провинциясынын расмий делегациясы менен жолугушту

2025-жылдын 23-июнунда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде министрдин орун басары Альберт Махметкулов Корея Республикасынын Кёнсанбук-до провинциясынын расмий делегациясы менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Тараптар билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында корей тилин окутуу, Кыргызстан менен Кёнсанбук-до провинциясынын жогорку окуу жайларынын ортосунда академиялык алмашууну өнүктүрүү, кесиптик-техникалык жогорку окуу жайларында корей тили кафедраларын ачуу, ошондой эле жаштар арасында достукту жана өз ара түшүнүүнү бекемдөөгө багытталган мектептер аралык алмашууну колдоо маселелерин талкуулашты.

Альберт Махметкулов Кыргыз Республикасынын жаштарынын корей тилин үйрөнүүгө кызыгуусу артып бара жатканын белгилеп, билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтык кыргызстандык жаштардын окуусуна жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн айтты.

Тараптар кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, пландалган демилгелерди ишке ашыруу үчүн биргелешкен иштерди улантмай болушту. Бул жолугушуу Кыргызстан менен Кёнсанбук-до провинциясынын стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүүнү, бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүүнү жана маданияттар аралык байланыштарды бекемдөөнү максат кылган кезектеги кадам болду.