Талас облусу Улуттук педагогикалык форумдун эстафетасын улантты
7 сентябрь

Талас облусу Улуттук педагогикалык форумдун эстафетасын улантты

Бүгүн, 7-сентябрда, Талас шаарында “Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим - өнүккөн өлкө” Улуттук педагогикалык форумунун регионалдык этабы өттү.

Форумга Талас облусунун билим берүү тармагынын 350 өкүлү катышты. Алар билим берүү системасындагы соңку өзгөрүүлөр, жаңы окуу жылындагы негизги багыттар жана алдыдагы милдеттер боюнча маалымат алышты.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин жана министрликке караштуу билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышып, билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу айтып беришти.

Форумдун негизги өзгөчөлүгү - маалымат берүү менен катар билим берүү кызматкерлери менен түз диалог уюштурулганы болду. Катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, адистерден тиешелүү жоопторду жана түшүндүрмөлөрдү алышты.

Ошондой эле билим берүүнүн ар түрдүү багыттарындагы жаңылануулар, окуу программалары менен стандарттар, педагогдордун кесиптик өнүгүүсү жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган иштер талкууланды.

Форумдун алкагында өткөрүлгөн секциялык жыйындарда катышуучулар актуалдуу маселелерди кеңири талкуулап, тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алышты.