50 жыл мурда №20 мектепте: Программирлөө кыялы Кыргызстандын келечегин кантип жандырганы тууралуу
Кыргыз Республикасындагы жогорку технологиялар паркы өлкөдөгү IT-билим берүүнүн өнүгүшүнүн тарыхый учурун эстөөнү сунуштайт – Фрунзе шаарындагы №20 мектепте уюштурулган программирлөө боюнча биринчи факультативге 50 жыл. Макаланын автору, педагог жана IT-энтузиаст аталган курсту өзү жетектеген жана Кыргызстандагы санарип доорунун биринчи кадамдары, ошол мезгилдеги атмосфера жана программисттердин жаңы муунунун жаралышы тууралуу эскерүүлөрүн бөлүшөт.
“50 жыл мурда, Кыргыз мамлекеттик университетте, мехматта 5-курста окуп жүргөнүмдө эле окуучуларды программирлөөгө окутуп баштадым. Мени академик Андрей Петрович Ершовдун мектеп окуучуларына информатика сабагын үйрөтүү жөнүндөгү идеясы шыктандырган. Биз, “Колдонмо математика” адистиги боюнча биринчи бүтүрүүчүлөр өзүбүздү белгисиз жана улуу келечектин босогосунда турган жол баштоочулардай сезгенбиз.
Кыялым мени 1975-жылы №20 орто мектепке алып келди. Фрунзе шаарындагы Гороно башчысы Елена Ефимовна Болитердин болуп көрбөгөндөй колдоосу менен мага программирлөө боюнча факультативди жүргүзүү бактысы туш келди. Ушул убакка чейин эмгек китепчеме “Фрунзе шаарындагы №20 орто мектепте программирлөө курсу боюнча факультативдин мугалими болуп дайындалды – 01.09.1975-ж” деген жазуу жазылган кез эсимде. Билесиздерби, мындай кызмат расмий түрдө болгон эмес! Кантип атоо көпкө талкууланган, бирок мен ошол кызматты ээлеген биринчи адам болдум, бул менин эсимде түбөлүк калды.
Албетте, ал маалда компьютер чанда кездешчү. ЭВМ деген эмне экенин окуучуларга көрсөтүү үчүн биздин университеттин Эсептөө борборуна экскурсия уюштурчубуз. Балдар көздөрү жанып бул чоң, дуулдаган үн чыгарган, өчүп-күйгөн лампалуу жана лампочкалуу, келечекке жол салган машиналарды карашчу. Биз алгоритмдерди кагазга жазып, алгоритмдик ой жүгүртүүнү өнүктүрчүбүз, азыр түшүнгөнүмдөй, бул көрсө, IT-адисинин алиппеси экен.
Кесиптештерден жолум болду. Айрыкча, дагы бир мыкты инсанга, №20 мектепте мени колдогон Борис Родионович Гольбергге – Агартуу отличнигине жана укмуштуудай математикке ыраазымын. Ал менин идеяма жана программирлөө – биздин келечек экенине ишенчү.
1976-жылы Фрунзедеги илимий конференцияга көрүнүктүү математик, профессор жана СССР АПН мүчө-корреспонденти Владимир Григорьевич Болтянский келди. Жолум болуп, аны менен жолугуша алдым жана №20 мектепке чакырдым. Графиги абдан тыгыз болгонуна карабай Владимир Григорьевич убакыт таап, окуучуларга конокко келди. Анын келиши балдарга айтып бере алгыс шыктанууну жана билим алууга чаңкоону тартуулаган укмуштуудай окуяга айланды. Анын жеткиликтүү жана терең лекциясы окуучуларга илимдин чексиз мүмкүнчүлүктөрүн ачып берди.
Андан бери 50 жыл өттү. Бүгүн, пенсионер болгон убагымда, мен ал жылдарды өзгөчө жылуулук менен эстейм. Кыргызстанда IT-тармагы кандай өнүгүп жатканын көрүп, биз аркылуу №20 мектепте жасалган биринчи кадам бүгүнкү жетишкендиктер аркылуу жемишин бергенин түшүнөм. Өлкөнүн Жогорку технологиялар паркы бул салтты улантып, окуучу-олимпиадачыларды колдоого мүмкүнчүлүк таап жатканына, Кыргызстандын инновациялык келечеги алардын колунда экенин түшүнгөнүнө кубанам.
Мен ошол жолдун бир бөлүгү болгонум үчүн сыймыктанам жана билимге болгон чаңкоо жана шыктануу күйүп-жануусун жаңы муундун жүрөгүндө улантып жатканына кубанам. Бул санарип келечек жөнүндөгү бир кыял кайдыгер эмес адамдар тарабынан колдоого алынып, жүздөгөн окуучулардын жашоосун өзгөрткөнү жана аларга эң бийик максаттарга жардам берип жатканы тууралуу баян”.
Александр Леонович Гофман, Израиль 01.09.2025
