Бишкек шаарынын билим берүү кызматкерлеринин конференциясы өттү
26 август

Бишкек шаарынын билим берүү кызматкерлеринин конференциясы өттү

2026-жылдын 25-августунда борбор калаада Бишкек шаарынын билим берүү кызматкерлеринин жана педагогдорунун “Доор өзгөрткөн билим берүү: өзгөрүүлөр, сапат, натыйжа” аттуу конференциясы өттү.

Иш-чарага агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Жогорку Кеңештин депутаттары, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басары Рахат Мусаева, Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дюшеева, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору Алмаз Токтомаметов, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин өкүлдөрү, билим берүү уюмдарынын жетекчилери, педагогикалык коомчулуктун өкүлдөрү жана билим берүү тармагындагы эксперттер катышты.

Өз сөзүндө министр 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү - бул билим берүүнүн мазмунун, ыкмаларын жана чөйрөсүн өзгөртүү экенин белгиледи.

“Жаңы окуу жылында 12 жылдык мектеп программасына 1, 2, 5 жана 7-класстар менен катар 3 жана 8-класстар кошулат. 8-класстар 15 профилге чейинки программаны алышат”, - деди министр.

Ошондой эле, Д. Кендирбаева жаңы окуу жылында балдар бул өзгөрүүлөрдү документтердин текстинде эмес, түздөн-түз мектепте сезиши керектигин белгиледи.

Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дюшеева “2026–2027-окуу жылы: сентябрь айындагы жыйынтыктар” темасында баяндама жасады. Ал эми Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору Алмаз Токтомаметов “Алтын казык” программасы жана 12 жылдык билим берүүнүн философиясы тууралуу бандама жасады.

Конференциянын жүрүшүндө “Доор өзгөрткөн билим берүү: өзгөрүүлөр, сапат, натыйжа” темасындагы негизги баяндаманы Билим берүү департаментинин директору Жаныбек Орозалиев жасап, өзгөчө көңүл билим берүү тармагын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, 12 жылдык билим берүүнүн экинчи этабындагы пландар, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, билим берүү уюмдарын башкарууда заманбап ыкмаларды колдонууга бурулуп, Бишкек шаарындагы мектептердин ишинин натыйжалары жана практикалык тажрыйбасы талкууланды.