Баткен жана Нарын облустарында кылмыштуулук 60%дан ашык өстү
Сүрөт ачык булактардан алынды
26 август

Баткен жана Нарын облустарында кылмыштуулук 60%дан ашык өстү

2026-жылдын январь-июль айларында катталган кылмыштардын саны эң көп Баткен жана Нарын облустарында өскөн. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук статистика комитети билдирди.

Баткен облусунда 1 миң 69 кылмыш катталып, өткөн жылдын ушул мезгилиндеги 663 учурга салыштырмалуу 61,2%га көбөйгөн.

Нарын облусунда кылмыштардын саны 415тен 668ге чейин өсүп, 61%ды түздү.

Жалал-Абад облусунда катталган кылмыштардын саны 22,2%га көбөйүп, 2 миң 259га жетти. Ош шаарында бул көрсөткүч 16,2%га өсүп, 2 миң 211 кылмыш катталган.

Ысык-Көл облусунда кылмыштуулук 5,6%га, Чүй облусунда 5,4%га, Бишкек шаарында 2,2%га, Талас облусунда 1,4%га өскөн.

Ал эми Ош облусунда, тескерисинче, катталган кылмыштардын саны 1,4%га азайган.