Бишкектин мектептеринде биринчи коңгуроо кагылды
Бишкектин мектептеринде бүгүн, 1-сентябрда биринчи коңгуроо кагылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Ак-Бата» конушунда жайгашкан №43 мектептеги салтанаттуу линейкага катышты.
Шаар мэри окуучуларды Билим күнү жана жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады.
«Мектеп бул жөн эле имарат эмес, ал билим, тарбия жана келечекке жол», - деп белгиледи ал.
Жаңы курулган №43 мектеп 650 орунга ылайыкталган. Жалпы аянты 5 миң чарчы метрден ашык, 22 окуу кабинети, анын ичинде 6 башталгыч класстар үчүн. Бул мектептин расмий ачылышы 2025-жылдын 29-августунда Кыргыз Республикасынын Президентинин онлайн форматта катышуусунда Кыргызстан боюнча пландалган 100 социалдык объектинин ачылышынын алкагында өттү.
Подрядчы Эталон Вин Спец Строй ЖЧКсы.
"Быйыл борбор калаабыздагы 120 мектепке 260 миңден ашык окуучу, анын ичинен 1-2 - класска 39 миңден ашык окуучу барды. Биз келечек ээлери болгон балдарыбыздын татыктуу билим алуулары, ар тармактуу өнүгүүлөрү үчүн бардык шарттарды түзүүгө болгон аракетибизди жумшап, жылдан-жылга мектептердин санын көбөйтүп, жаңы мектептерди куруп жатабыз. Өлкө башчыбыз Садыр Нургожоевичтин колдоосу менен акыркы жылдары 15 мектепке кошумча корпус курулуп, 9 жаңы мектеп салынды", -деп белгиледи калаа башчысы.
Ошондой эле Айбек Жунушалиев мугалимдердин үзүрлүү эмгеги, билими жана мээнети үчүн ыраазычылык билдирди.
