Кыргызстанда «Чоң этнографиялык диктант» эл аралык акциясы өтөт
Сүрөт ачык булактардан алынды
3 ноябрь

Кыргызстанда «Чоң этнографиялык диктант» эл аралык акциясы өтөт

3-12-ноябрь күндөрү Кыргызстанда «Чоң этнографиялык диктант» эл аралык агартуу акциясы өтөт. Бул тууралуу Бишкектеги Орус үйүнөн билдиришти.

Акциянын негизги аянтчасы 5-ноябрда саат 16:00дө Бишкек шаарындагы Эркиндик бульвары, 2/1 дарегинде жайгашкан Орус үйүндө ачылат.

Катышуучулар Россия элдеринин каада-салттары, үрп-адаттары жана маданий мурастары тууралуу билимдерин текшере алышат. Диктанттын жыйынтыгында бардык катышуучуларга сертификаттар, ал эми жеңүүчүлөргө дипломдор жана белектер тапшырылат.

Мындан тышкары, акция Кыргызстандагы Россотрудничествонун дагы беш аянтчасында өткөрүлөт.

Тактап айтканда, 3-ноябрда саат 10:00дө Кызыл-Кыя шаарындагы №70 лицейде, саат 11:00дө Бишкектеги К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасынын алдындагы «Россия с вами» борборунда өтөт.

4-ноябрда саат 14:00дө С. Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институтунда диктант жазылат.

5-ноябрда саат 13:00дө Кант шаарындагы Чүй облустук китепканасынын «Орус борборунда» акция башталат.

Акция 12-ноябрда саат 14:00дө Ош облустук Т. Сатылганов атындагы китепкананын алдындагы «Россия с вами» борборунда жыйынтыкталат.

«Чоң этнографиялык диктанттын» уюштуруучусу — Россиянын Улуттар иштери боюнча федералдык агенттиги. Чет өлкөлөрдө акция Россотрудничествонун колдоосу менен өткөрүлөт.

Бишкектеги Орус үйүндө өтө турган диктантка катышуу үчүн алдын ала каттоодон өтүү зарыл.