170-450 сом: мектеп окуу китептеринин чыныгы баасы канча
Көпчүлүк окуу китептеринин баасы 170 сомдон 450 сомго чейин, айрым басылмалар 500 сомго чейин жетет.
«Учкун» ААК 2026–2027-окуу жылына даярдалган окуу китептери жана жумушчу дептерлердин бааларын жарыялады.
Окуу-методикалык комплекстер Билим берүү министрлиги жана «Окуу китеби» басма үйү менен түзүлгөн келишимдердин негизинде басылып чыгат. Мамлекеттик мектептер үчүн алар белгиленген тартипте бөлүштүрүлөт, ал эми жеке мектептер үчүн сатуу каралган.
Баасы класска, сабакка, окутуу тилине, басылманын көлөмүнө, материалдарга, басып чыгарууга жана жеткирүүгө кеткен чыгымдарга жараша өзгөрөт.
Көпчүлүк окуу китептеринин баасы болжол менен 170 сомдон 450 сомго чейин.
Мисалы, биринчи класстын математика китеби кыргыз тилинде 220 сом, орус тилинде 245 сом турат. Бешинчи класстын математика китебинин баасы тиешелүүлүгүнө жараша 325 жана 360 сом.
Жетинчи класстын математика китеби кыргыз тилинде 460 сом, орус тилинде 500 сом турат.
Табигый илимдер боюнча окуу китептеринин баасы класска жана окутуу тилине жараша 150 сомдон 450 сомго чейин.
Англис тили боюнча окуу китептери жана жумушчу дептерлер негизинен 145 сомдон 160 сомго чейин сатылат.
«Учкун» ААКтын башкы директору Бакытбек Султанов буга чейин базарда айрым окуу китептери расмий баасынан кыйла кымбат — бир даанасы 1 миң 400 сомго чейин сатылышы мүмкүн экенин белгилеген.
