Ош облусунда жана Ош шаарында «Региондук экономикалык өнүктүрүү» долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралды
Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында «2025-жылдын 21-апрелинде Вашингтон шаарында (АКШ) кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Ош облусунда жана Ош шаарында «Региондук экономикалык өнүктүрүү» долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты.
Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоору менен маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев тааныштырды.
Анын айтымында аталган макулдашуу Ош жана Өзгөн шаардык борборлорунун жана туристтик маршруттардын негизги инфраструктурасын реконстрструкциялоо боюнча маанилүү кадам болуп сананалат. Азыркы учурда «Сулапайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин жана «Өзгөн» мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругун комплекстүү модерернизациялоо үчүн долбоордук документтерди даярдоо иштери аяктоородо.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн Эл аралык өнүктүрүү ассоцациясы тарабынан 8,5 миллион АКШ долларына барабай суммада кошумча каржылоо берилет. Насыянын мөөнөтү 50 жыл, анын ичинен жеңилдетилген мөөнөт 10 жылды камтыйт. Пайыздык чени – 0%.
