ЖРТ 470 сомго кымбаттады. Бекешев аны акысыз кылууну сунуштоодо
5 март

ЖРТ 470 сомго кымбаттады. Бекешев аны акысыз кылууну сунуштоодо

Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында ЖРТга төлөнүүчү сумма көбөйгөнүн билдирди.

“Мен мектепти бүтүп жатканда ЖРТ болгон эмес, бүтүрүүчү сынак тапшырчубуз. Бирине болбосо бирине өтүп калаармын деген ой менен үч университетке документ тапшыргам. 280 сом төлөгөм. Бул биздин үй-бүлө үчүн чоң сумма болчу. Акча таппай, жакшы көргөн гитарамды саткам. Азыр ЖТР кымбаттады: ар бир предметке 200 сомдон 470 сомго. Эмнеге кымбаттаганын түшүнбөйсүң. Бул аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө өтө терс таасирин берет. Ал аз келгенсип ар бир үй-бүлө баланы ЖРТга даярдап, акы төлөнүүчү курстарга алып барат. Мунун баары стресс жана чыгым”, – деди депутат.

Ал АКШда, КМШ өлкөлөрүндө жана Европада бүтүрүүчүлөр үчүн тестти мамлекет өзү каржылай турганын белгиледи. Кыргызстан дагы реформага барып, быйылкы жылдан тартып ЖРТны акысыз кылышы керектигин кошумчалады.

Ошондой эле депутаттын айтымында, санариптештирүү өлкөнүн бардык тармактарында жолго коюлуп жатканына карабай, ЖРТ ушул убакка чейин санариптештирилбегенин билдирди.

“Бизде ЖРТ тапшыргандан кийин жыйынтыгын бир ай, бир жарым айда чыгат. Мисалы, Россияда абдан тез чыгат. Биз дагы санариптештирип, керек болсо университеттердин деңгээлинде өткөрүүгө тийишпиз”, – деди Бекешев.

Ал белгилегендей, ага Өзгөн районунун окуучулары кайрылышкан. Айрым мектептер рейтингди кармоо үчүн он баланы гана тандап, ЖРТ тапшыртышат экен.

“Бул мыйзамсыз. Кайсы мектеп ушундай кылып жатса, андай практиканы жоюш керек. Каалаган баланын баары ЖРТга барсын, бул алардын укугу”, – деди ал.