Бала бакчадагы медайымдардын статусу – техперсонал. Бекешев аны өзгөртүүнү сунуштоодо
Кыргызстанда медициналык кызматкерлердин айлык акысы көтөрүлдү, аны менен катар бала бакчаларда иштеген медайымдардыкы дагы. Бирок алардын статусу – техникалык персонал.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.
Айтымында, ага бала бакчаларда медайым болуп иштегендер кайрылышкан.
“Президентке чоң рахмат айтып жатышат, айлыктары көтөрүлдү. Бирок бир маселе – алардын статусу техникалык персонал менен тең болуп калган. А мектептеги медайымдар Саламаттыкты сактоо министрлигинен айлык алышат жана маяналары медициналык кызматкер катары көтөрүлгөн. Бала бакчада иштегендер эмнеге мындай каралбай калган? Актыларды карап эмне себептен техникалык персоналга теңелип калышканынын себебин таппадым”, – деди Бекешев.
Ал өкмөткө протоколдук тапшырма берүүнү сунуштап, медайымдардын статусун көтөрүү керектигин белгиледи.
