Кыргызстанда 1-класска 56 миңден ашуун бала кабыл алынды
1-класска 56 миңден ашуун бала кабыл алынды, деп билдирет Агартуу министрлигинин басма сөз кызматы.
Министрлик балдарды мектепке электрондук каттоонун биринчи этабы уланып жатканын эскертет.
Бул этапта ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн тиешелүү мектептин микроучастогунда туруктуу каттоосу бар балдар кабыл алынууда.
Учурда “Мектеп” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу 1-класска 56 миңден ашуун бала катталды.
Катталган балдардын аймактар боюнча бөлүштүрүлүшү:
• Бишкек шаары — 8959,
• Ош облусу — 11 898,
• Жалал-Абад облусу — 10 581,
• Чүй облусу — 6619,
• Баткен облусу — 6384,
• Ысык-Көл облусу — 4699,
• Нарын облусу — 2699,
• Ош шаары — 2171,
• Талас облусу — 2532.
Быйыл республика боюнча 190 миңден ашуун квота каралган.
