Кыргызстанда жакынкы арада IT колледждин курулушу башталат
Кыргызстанда жакынкы арада IT колледждин курулушу башталат. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министринин биринчи орун басары Нурсултан Кубанов билдирди.
Анын маалыматына караганда, бүгүн министрликте Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) Кыргызстандагы директорунун орун басары, урматтуу айым Пхё Кенгжу (Ms. Pyo Gyoungju) менен жолугушуу болуп өттү.
"Жолугушуунун жүрүшүндө KOICA тарабынан колдоого алынган долбоорлор талкууланды. Өзгөчө басымды IT колледж долбооруна көңүл бургум келип жатат", - деди ал.
Кубанов долбоордун негизги максаты — жогорку квалификациялуу IT-адистерди даярдоо жана мамлекеттик сектордун санариптик компетенттүүлүгүн бекемдөө болуп саналарын кошумчалады.
