Чет өлкөдөн билим алуу. Депутат бюджеттик квоталар кандай бөлүнөрүнө кызыкты
16 март

Чет өлкөдөн билим алуу. Депутат бюджеттик квоталар кандай бөлүнөрүнө кызыкты

Кыргызстанга өкмөттөр аралык билим берүү системасын негизинде, чет өлкөлүк окуу жайлардан канча квота берилет жана  ал кимдерге бөлүнөт? Мындай суроо менен депутат Болот Сагынаев илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Дурус Козуевге кайрылды.

Министрдин орун басары Венгриядан жылына 200 орун бөлүнөөрүн билдирип, калган квоталар тууралуу  депутатка кат жүзүндө жооп берүүнү убадалады.

"Өкмөттөр аралык билим берүү системасына ылайык, канча квота бөлүнөт? Ага студенттер министрлик тарабынан кандай критрейлер  менен тандалат? Квоталар боюнча элдин калың катмарына маалымат жетеби же мында да тааныш-билиштик болуп, Бишкектин тегерегинен чыкпай жатабы? Ушул суроолорго да жооп бериңиз" – деди анда депутат.

Ошондой эле ал жалпы элге бюджеттик квоталар тууралуу маалыматты кенен жеткириш үчүн видео роликтерди тартууну сунуштады.