Депутат «Алтын сертификаттын» 95%ы орус тилинде тапшыргандарга берилээрин айтты: Кыргыз тилин үйрөнүүнүн пайдасы жок
23 июнь

Депутат «Алтын сертификаттын» 95%ы орус тилинде тапшыргандарга берилээрин айтты: Кыргыз тилин үйрөнүүнүн пайдасы жок

Кыргыз тилине муктаждык жаратпай туруп, аны үйрөнүүгө мажбурлоо туура эмес. Мындай пикирин депутат Элдар Абакиров Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

«Окуучуларды класстан класска көчүрүүдө кыргыз тилинен сынак тапшырууну киргиздиңиздер. Бирок мага көп окуучу жазды: ЖРТ кыргыз тилинде тапшыргандарга «Алтын сертификат» бөлүү маселесин көтөрдүңүздөр эле. Бирок ал ордунан жылган жок, айтылган бойдон калды. Бир дагы жакшы окуган бала ЖРТны кыргызча тапшыргысы келбейт. Анткени, пайдасы жок, 50 «Алтын сертификаттын» 90-95 пайызы орус тилинде тапшыргандарга берилет. Кыргыз тилинде тапшыргандарга сертификат алуу мүмкүнчүлүгү аз. Кыргыз тилин үйрөнүүгө муктаждык жаратпай эле, элди кыйнап жатабыз», – деди депутат.

Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова ЖРТга көп бала катышкандыктан, тиешелүү ченемдик-укуктук актылар эми гана талданып, кандай өзгөртүүлөр киргизилери даярдалганын билдирди.

«Министрдин тапшырмасы менен иштедик. Июль-август айында бүтүрүп, сентябрдан баштап окуучуларга маалымат бере баштайбыз», – деди орун басар.

Элдар Абакиров Жусупбековага бул маселени жарым жыл ичинде чечүүгө убада бергенин жана андан бери жарым жылдан ашуун убакыт өткөнүн эскертти.

«Маселе чечилген жок, буга кайдыгер караган кызматкерди иштен кетириңиз. Маселени чече албагандар иштебеши керек», – деди депутат.