Калыс-Ордо конушунда 650 орундуу кошумча мектеп салынууда
Бишкектин Калыс-Ордо конушунда мектептин курулуш иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, курулуш иштери менен жеринде курулуш министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттин жетекчилери менен чогуу таанышты.
Курулуш иштери республикалык бюджеттен каржыланып, долбоор боюнча мектеп жертөлөсү менен эки кабаттуу имарат болуп салынат. Билим уясы 650 окуучу орунга ылайыкталып, заманбап шарттар каралат. Алсак, кенен окуу класстары, ашкана, компьютердик класс, эмгек кабинеттери, жыйындар залы жана бардык шарттары менен спорт залы болот.
Учурда жер карзуу иштери уланууда.
Белгилей кетсек, азыркы тапта №86 жалпы билим берүү орто мектебинде 4385 бала окуп жатат.
