Мугалимди ата-эне өз эрки менен сыйлабаса, анда мажбурлап сыйлатыш керек, – депутат коомдун келечеги коркунучта экенин айтты
8 апрель

Мугалимди ата-эне өз эрки менен сыйлабаса, анда мажбурлап сыйлатыш керек, – депутат коомдун келечеги коркунучта экенин айтты

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Илимбек Кубанычбеков мугалимдердин абройу барган сайын түшүп, аларга кол көтөрүү, басым жасоо фактылары көбөйүп баратканын жана бул коомго коркунучтуу коңгуроо экенин айтты. 

Ал мугалимдерди сыйлабастык билим сапатын төмөндөтөрүн, келечекте мугалим болууну каалаган жаштар азайып, педагогдордун таңкыстыгы күч алаарын белгиледи. 

“Учурда статистика боюнча өлкөдө 947 предметтик сабактар боюнча мугалим жетишпейт экен. Бүгүнкү тенденция улана берсе, келечекте мындан да көп болот”, – деди депутат. 

Кубанычбеков чет өлкөлөрдөгү көрүнүштү мисал келтирди: Финляндияда, Түштүк Кореяда мугалимге кол көтөргөн адамга карата катаал мыйзам иштейт. Японияда мугалимдин статусу императордун статусу менен тең. Андан сырткары бир катар мамлекеттерде мугалимдерге дипломатиялык кол тийбестик статусу берилген. 

“Алар  өз келечегин ойлонгону үчүн ушундай кадамга барышкан. Анткени мугалимди сыйлабастык – бул жөн гана тартип маселеси эмес, бул мамлекеттин пайдубалына урулган сокку”, – деди депутат. 

Ошондой эле ал Кыргызстанда мугалимдердин кадыр-баркын жогорулатуу үчүн бир нече сунуш киргизди: 

1. Мугалимдик өзгөчө коргоодогу кызмат катары кабыл алынып, бул кесиптин ээлерине жогорку статус берүү керек. 
2. Мугалимдердин кадыр-баркын жогорулатуу үчүн ММКларда мугалимдин образын байма-бай чагылдыруу зарыл. 
3. Мугалимдин эмгек акысын жана социалдык пакеттерин жогорулатуу. 
4. Жаш мугалимдерди шыктандырып, ипотекалык үйлөр менен камсыздоо. 
5. Олимпиадада жеңүүчү болгон окуучунун мугалимине мамлекеттик сыйлык, акчалай бонус берүү жана эл алдында таанымал кылуу. 

Депутат ИИМге кайрылып, мугалимдерге кол көтөрүү, басым жасоо фактылары боюнча тез арада чара көрүүгө чакырды. 

“Ал окуучу болобу же ата-эне болобу, мыйзам алдында жоопкерчиликке тартылышы керек”, – деди Кубанычбеков.