Оштун мэри капиталдык ремонттон өтүп жаткан мектеп, бала бакчаларга кыдырды
видеодон алынган кадр
17 июнь

Оштун мэри капиталдык ремонттон өтүп жаткан мектеп, бала бакчаларга кыдырды

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев калаадагы капиталдык оңдоодон өтүп жаткан мектеп жана бала бакчаларга барып, курулуштун жүрүшү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Алгач шаар башчысы №38 Барпы Алыкулов атындагы мектеп-гимназиясына, андан кийин №41 Хабиб Абдуллаев атындагы орто мектебине барды. Ошондой эле "Таң шоола" жана "Топ жылдыз" балдар бакчаларындагы оңдоо иштерин көрдү.

Буга чейин аталган объектилердин кейиштүү абалына өз көзү менен күбө болгон мэр балдар үчүн шарт түзүлүшү керектигин айтып, дароо толук капиталдык оңдоо жүргүзүү чечимин кабыл алган. Учурда жумуштар активдүү жүрүп жатат.

Ж. Акаев мектептерди жаңы окуу жылына чейин бүткөрүп, пайдаланууга берүүнү тапшырды. Курулуш иштеринин ыргагын тездетүү зарылдыгын белгиледи.

Бүгүнкү күндө шаарда балдардын саны кескин көбөйгөндүгүнө байланыштуу бир класста 50-60тан бала окууга аргасыз болууда. Ушуга байланыштуу кошумча корпустарды куруу жана жаңы мектептерди салууга муктаждык жаралган.

Учурда Ош шаарында 20 мектептин курулушу жүрүүдө. Анын 16сы мамлекеттик, 4ү жеке менчик.

Ошондой эле шаар боюнча 4 жаңы бала бакчанын курулушу да катар жүргүзүлүп, 3 бала бакча толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө.