Россотрудничество Кыргызстандагы мектептерге жана ЖОЖдорго 1700дөн ашык китеп тапшырды
Окуу жылынын башталышына карата Кыргызстандагы Россотрудничествонун өкүлчүлүгү өлкөнүн билим берүү мекемелерине 1700дөн ашык жаңы китеп тапшырды.
Кызыл-Кыя шаарындагы билим берүү мекемелерине окуу, усулдук жана көркөм адабияттардан 700 нуска берилди.
М.М. Тайыров атындагы Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтуна 281 китеп, Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы №2 мектепке 319 окуу китеби жана усулдук колдонмо, Д.М. Карбышев атындагы №1 мектепке 100 окуу адабияты тапшырылды.
Мындан тышкары, Ош шаарындагы Орус үйү «Билерман» мектебине башталгыч класстар үчүн 207 китеп берди.
Ошондой эле китептер Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун билим берүү мекемелерине тапшырылды. Буга чейин Ысык-Көл облусундагы үч мектепке окуу адабияты берилген.
Адабияттарды өткөрүп берүү акысыз жүргүзүлүүдө. Кыргызстандын түштүгүндөгү мектеп жана жогорку окуу жайлардын китепканаларын толуктоо боюнча иштерди Оштогу Орус үйү 2017-жылдан бери жүргүзүп келет.
Адабияттар Россиянын «Билим берүүнү өнүктүрүү» мамлекеттик программасынын алкагында берилүүдө. Россотрудничествонун маалыматына караганда, окуу материалдары Кыргызстандын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан сунушталган.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталды. Быйыл сабактар ШКУнун саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сентябрь айынын башында өткөндүгүнө байланыштуу адаттагыдан кеч башталды.
