Жалал-Абадда Улуттук педагогикалык форумдун регионалдык этабы өттү
5 сентябрь

Жалал-Абадда Улуттук педагогикалык форумдун регионалдык этабы өттү

Бүгүн, 5-сентябрда, Манас шаарында “Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим — өнүккөн өлкө” Улуттук педагогикалык форумунун регионалдык этабы өттү.

Форум Жалал-Абад облусунун 500гө жакын педагогикалык кызматкерин бириктирди. Иш-чарада “Алтын казык” программасынын алкагында билим берүүнү трансформациялоо боюнча 2025–2026-окуу жылында аткарылган иштердин жыйынтыктары чыгарылып, алдыдагы милдеттер талкууланды.

Агартуу министрлигинин жана министрликке караштуу билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү 12 жылдык билим берүү системасынын өзгөчөлүктөрү жана жаңы окуу жылындагы негизги өзгөрүүлөр тууралуу маалымат беришти.

Ошондой эле мектепке чейинки, жалпы, кошумча жана кесиптик билим берүү тармактарындагы жаңылануулар, жаңы окуу программалары жана стандарттар, педагогдордун кесиптик өнүгүүсү, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды.

Форумдун алкагында секциялык жыйындар өткөрүлүп, анда билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Иш-чаранын соңунда “Министрлик жооп берет” эркин микрофону уюштурулуп, катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.