Депутат: Ноокатта аутизм, ДЦП менен жабыркаган балдарды коомго аралаштырууга мүмкүнчүлүк жок
4 март

Депутат: Ноокатта аутизм, ДЦП менен жабыркаган балдарды коомго аралаштырууга мүмкүнчүлүк жок

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Уланбек Жаанбаев Кыргызстандагы эң чоң райондордун бири, 330 миң адам жашаган Ноокат районуна тиешелүү маселени көтөрдү.

Айтымында, аталган райондун тургундары кайрылуу жолдошкон.

“Ноокатта 1296 бала майыптуулугу үчүн жөлөкпул алышат. Жөлөкпул албагандар да аз эмес. Булар көбүнчө аутизм, ДЦП менен жабыркагандар. Алар үчүн мамлекет тарабынан эч кандай камкордук көрүлгөн эмес: бала бакча, мектеп жок. Конституцияда ар бир адам билим алууга укуктуу экени жазылып турат. Дени сак балдарыбыз билим алууга толук мүмкүнчүлүк алышкан, бирок оорулуу балдарыбызды да унутпашыбыз керек”, – деди депутат.

Жаанбаев Ноокат районуна майыптыгы бар балдар үчүн кризистик борбор, мектеп же бала бакча курууну сунуштады.