Кара-Кулжа айылында 275 орундуу жаңы мектеп курула баштады
Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Кулжа айылында жайгашкан О.Сайдилканов атындагы 275 орундуу жаңы мектептин курулуш иштери башталды.
Курулуш министрлиги билдиргендей, объектинин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен башталды. Долбоорго ылайык, окуу имараты 4 блоктон турат. Жалпы аянты 3503,84 чарчы метрди тузөт.
Бүгүнкү күндө окуу имаратынын жер казуу (котлован) иштери 100% аткарылды.
