Баткенде өлкөдөгү 53 инновациялык мектептин бири оңдолуп жатат
Баткен облусунун Баткен районундагы Бото Нарматов атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинде капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.
Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, аталган мектеп өлкө боюнча инновациялык макамга ээ болгон 53 мектептин катарына кирет.
Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Олжобай Мажилимовдун айтымында ал райондогу эң ири мектептердин бири болуп, 1200дөн ашуун окуучу билим алат. Учурда STEM кабинеттерин, спорт залды, китепкананы, мугалимдер бөлмөсүн, фойени жана санитардык түйүндөрдү оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Ошондой эле мектептин сырткы фасады толугу менен жаңыланат.
Оңдоп-түзөө иштери пландалган графикте ишке ашырылууда. Аны жаңы окуу жылынын башталышына бүткөрүү пландалууда.
