Ошто 2025-жылдын Август педагогикалык форуму: мектепке чейинки билим берүү маселелери талкууланды
19 август

Ошто 2025-жылдын Август педагогикалык форуму: мектепке чейинки билим берүү маселелери талкууланды

Ош шаарында Август педагогикалык форуму уланууда. Форумдун катышуучулары ар бир багыт боюнча секциялык иштердин жыйынтыгын чыгарып, Форумдун резолюциясына киргизүү үчүн өз сунуштарын берип жатышат.

Министрдин орун басары Надира Джусупбекова модераторлук кылган панелдик талкууда мектепке чейинки билим берүү маселелери кызуу талкууланды.

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева бала бакчада 11 тайпага чейин ачууга гана уруксат берилип калганын, иш жүзүндө кээ бир бала бакчаларда 24 тайпага чейин ачууга туура келерин, тейлөөчү кызматкерлерге эки эсе оордук келип жатканын айтып, министрликке бала бакчанын штаттык бирдигин тез арада көбөйтүү боюнча иш алып барууну сунуштады.

Агартуу министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова бала бакчаларда штаттык бирдик өтө эле аздыгын моюнга алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 336 токтому менен бекитилген Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын типтүү штаттарына өзгөртүү киргизүү боюнча жумушчу топ иштеп жатканын билдирди.