Кыргызстандагы билим берүү мекемелерине 91 даана кызматтык автоунаа тапшырылат
www
12 май

Кыргызстандагы билим берүү мекемелерине 91 даана кызматтык автоунаа тапшырылат

Президенттин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу билим берүү мекемелерине 91 даана кызматтык автоунааларды тапшыруу салтанаттуу иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Иш-чара 13-майда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын катышуусунда өтөт.

"Билим берүү уюмдарынын автоунаа паркы узак убакыт бою системалуу түрдө жаңыланган эмес. Автоунаалардын берилиши Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүн, мекемелерин жана уюмдарын заманбап, үнөмдүү жана ишенимдүү автотранспорт каражаттары менен камсыз кылуу аларга жүктөлгөн функцияларды натыйжалуу аткарууну олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесинин негизинде «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ачык акционердик коому аркылуу лизинг механизми аркылуу 91 даана LTZ комплектациясындагы «Chevrolet Tracker» үлгүсүндөгү автотранспортту сатып алуу каралган.

«Chevrolet Tracker» үлгүсүндөгү автоунаалар ата мекендик «ДТ Техник» ЖЧКсы тарабынан өндүрүлгөн.