Алай районунун Гүлчө айылында 275 орундуу мектеп курулууда
Курулуш министрлиги
4 июнь

Алай районунун Гүлчө айылында 275 орундуу мектеп курулууда

Курулуш министрлиги тарабынан Алай районунун Гүлчө айылында 275 орундуу №2 Т. Отунчиев атындагы мектептин курулушу жүргүзүлүүдө.

Объекттин курулушу 2024-жылдын декабрь айында башталган.

Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 193 миллион сомду түзөт.

Башкы планга ылайык заманбап үлгүдөгү эки кабаттуу окуу корпусу, азык-түлүк сактоочу кампасы бар ашкана, жыйындар залы жана бардык шарттары каралган спорт залы болот. Учурда курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө.

Имараттын жалпы аянты 2104 чарчы метрди түзөт. Мектеп пайдаланууга берилгенден кийин эки нөөмөттө 600гө жакын окуучунун билим алуусуна шарт түзүлөт.

Курулуштун сапаты жана аткарылып жаткан иштер Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык