Бекешев: Мамлекет ата-энелерге акча чогултпагыла, мыйзамсыз дейт, а бала бакчаларда оюнчук жок
24 декабрь

Бекешев: Мамлекет ата-энелерге акча чогултпагыла, мыйзамсыз дейт, а бала бакчаларда оюнчук жок

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев мектептерде бор, тряпка, бала бакчаларда оюнчук сыяктуу жөнөкөй нерселер жетишпей жатканын, ошол эле убакта ата-энелердин акча чогултуусуна тыюу салынганына токтолду.

Айтымында, ага айрым ата-энелер кайрылып, бала бакчаларда оюнчук жоктугун, ата-энелер өздөрү акча чогултуп алууга аргасыз болушканын айтышкан.

“Мектептерге, бала бакчаларга каралган бюджет жетиштүүбү?” – деп сурады депутат агартуу министри Догдуркүл Кендирбаевадан.

Министр Финансы министрлиги менен макулдашып бир катар кошумча каражаттарды алышканын билдирди. Алар:

  • 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө базистик окуу планына – 1 млрд 428 млн сом;
  • мектепке чейинки билим берүүгө – 1 млрд 428 млн 231 миң сом;
  • башталгыч кесип берүүгө – 513 млн сом;
  • программалоо боюнча акысыз билим берип, андан соң жумуш менен камсыз кылчу инновациялык 21 мектептин ачылышына – 139 млн сом.

“Андан сырткары окуу китептерин каржылоону күчөтүүгө, 3-этапта мугалимдерди ноутбук менен камсыз кылууга дагы кошумча каражаттарды алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз”, – деди Кендирбаева.

Ошондой эле, мектепке чейинки билим берүү үчүн алынган кошумча сумманын 500 миллиону бала бакчалардагы өнүктүрүү колдонмолоруна жумшаларын кошумчалады.