Агартуу министрлиги мугалимдерге сентябрда айлык кандай төлөнөөрүн жарыялады
Быйыл 2026-2027-жылы окуу жылы 15-сентябрда башталат. Бирок ага карабастан, мугалимдер сентябрдагы айлык акысын толугу менен алышат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Буга чейин министрлик окуу жылынын 15 күнгө кеч башталышын өлкөдө бир катар ири иш-чаралар өтөөрү менен байланыштырган.
Маалым болгондой, 2026-2027-окуу жылы 2027-жылдын 25-майында аяктайт.
Ал эми буга чейин аталган министрлик бул окуу жылындагы каникулдар графигин жарыялаган. Ага ылайык:
– күзгү – 5 календарлык күн (2026-жылдын 11–15-ноябры, сабактар 2026-жылдын 16-ноябрынан улантылат);
– кышкы – 10 календарлык күн (2027-жылдын 1–10-январында, сабактар 2027-жылдын 11-январынан улантылат.
– жазгы – 6 календарлык күн (2027-жылдын 3–8-мартында, сабактар 2027-жылдын 9-мартынан улантылат);
– майдагы (майрамдык) – 9 календарлык күн (2027-жылдын 1–9-майында, сабактарга 2027-жылдын 10-майында кайтышат).
Ал эми 1-класстын окуучулары үчүн мектептик каникулдар эки жумага, ал эми 2-класстын окуучулары үчүн бир жумага кошумча узартылат.
