КМТУда көпүрөлөр жана транспорттук тоннелдер боюнча адистикти кайра ачуу пландалууда
21 октябрь

КМТУда көпүрөлөр жана транспорттук тоннелдер боюнча адистикти кайра ачуу пландалууда

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде (КМТУ) кийинки окуу жылынан тартып көпүрөлөрдү жана транспорттук тоннелдерди куруу боюнча адистерди даярдоо кайра жандандырылат. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфириндеги «Өнүгүү багыты» программасында Жол катнаш институтунун директору Уланбек Шекербеков билдирди.

Анын айтымында, буга чейин университетте аталган адистик болгон, бирок суроо-талаптын жоктугуна байланыштуу аны даярдоо токтотулган.

Учурда ири транспорттук объектилердин, анын ичинде Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушуна байланыштуу кырдаал өзгөрдү.

Бүгүнкү күндө университетте жаңы багытты ачуу үчүн билим берүү программасы, окуу планы жана тиешелүү документтер даярдалып жатат.

«Көпүрө жана тоннель куруу боюнча адистер курулуш учурунда гана эмес, андан кийин да керек болот. Анткени бул объектилерди пайдалануу жана тейлөө зарыл», — деп белгиледи Шекербеков.