Жеке менчик компанияда 1,5 млн окуучунун жана алардын ата-энесинин маалыматы бар – депутат тынчсызданууда
www
4 июнь

Жеке менчик компанияда 1,5 млн окуучунун жана алардын ата-энесинин маалыматы бар – депутат тынчсызданууда

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Токтобүбү Ашымбаева “Э-Күндөлүк” платформасы тууралуу маселени көтөрдү.

Айтымында, аталган платформада 1,5 миллион окуучулардын жана алардын ата-энелеринин персоналдык маалыматтары бар жана ал жеке компанияга таандык. 

“Бул чоң тобокелчилик. Мыйзам алкагында бул жеке компаниянын жоопкерчилиги кандай жана киберкоопсуздук чөйрөсүндө тобокелчилик барбы? Мисалы, маалыматтардын сыртка чыгып кетүүсү же башка платформаларга берилиши сыяктуу?” – деп сурады депутат УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаевден. 

Алишер Эрбаев бул боюнча толук маалыматы жоктугун билдирди. Бирок анын айтымында, электрондук журналдар жана платформаларга мониторинг жүргүзүлөт. 

Ошондой эле ал депутаттарга толук маалымат берүүнү убадалады. 

“Чынында тобокелчилик бар, биз чектөө коюу жана коргоо чараларынын үстүндө иштеп жатабыз. Бирок толук кандуу жөнгө салуу үчүн тийиштүү мыйзам долбоору керек, анткени эгер мисалы, уюлдук компаниялар же интернет-провайдерлер сотко беришсе, биз так мыйзам базасы болбогондуктан утулуп калышыбыз мүмкүн”, - деди ал. 

Депутат маселе өлкөдөгү 1,5 миллиондой окуучуну жана алардын ата-энесин камтый турганын, буга чейин комитеттин көчмө жыйындарында бул маселени карап, тийиштүү мамлекеттик органдардан көзөмөлдү күчөтүүнү суранышканын билдирди. 

“Агартуу министрлиги да кемчиликтер бардыгын моюнга алууда. Бирок бул жерде бир гана кемчилик жөнүндө айтылып жаткан жок, бул маселени комплекстүү чечүүнү, биринчи кезекте маалыматтык коопсуздукту камсыздоону айтып жатабыз”, - деди Ашимбаева.