“Баарына президенттин тапшырмасын аткарбаган чиновниктер күнөөлүү!” – депутат мугалимдердин иштөө шарты өтө оор экенин айтты
7 апрель

“Баарына президенттин тапшырмасын аткарбаган чиновниктер күнөөлүү!” – депутат мугалимдердин иштөө шарты өтө оор экенин айтты

Бишкектеги мектептер думугуп жатат, бир класста 40-50дөн окуучу отурганы алардын да, мугалимдердин да ден соолугуна зыян. Бул тууралуу депутат Гуля Кожокулова Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында билдирди. 

Ал пандемия маалында онлайн окууга өткөн кезде, ата-энелер өзүнүн балдарын окута албай жатышканына нааразыланганын эске салды. Ал эми мугалимдер бир эле убакта 50гө жакын балдарды окутат жана бул моралдык да, физикалык да жактан чоң жүк. 

Агартуу министрлигинин өкүлү бардык мектептерде эмес, кээ бир мектептерде мындай маселелер бардыгын моюндады жана норма боюнча бир класста 30дан ашык окуучу отурбашы керектигин белгиледи. Ошондой эле ал бул маселени чечүү үчүн Финансы министрлигинен кошумча каражат сурап жатышканын билдирди. 

“Ооба, бардык мектептерде мындай көрүнүш бар деп айтпайм. Бирок кайсы мектепте ушундай маселе болсо, ошого көңүл буралы. Бул психологиялык да, физикалык да жактан чоң түйшүк. Балдардын жана мугалимдердин ден соолугуна зыян келип жатат. Кичинекей форточкадан кирген аба баарына жетпейт, эси ооп жыгылган балдар бар, мугалимдердин кан басымы көтөрүлөт. Бул зыяндуу шарт. Ар бир нерсени өз аты менен атайлы. Бизде мугалимдер өтө оор шартта иштешет”, – деди депутат. 

Ошондой эле кенже класска мугалимдер көпкө кармалбай турганын, кечээ окуу жайды бүткөн жаш кыздар келип, бирок тез эле “качып” кетээрин да кошумчалады. 

Ал агартуу министринин орун басары Надира Жусупбековага кайрылды: 

“Ошондо маселенин баары Финансы министрлигинде болуп жатабы? Сиз ордуңуздан туруп, ооба, бул маселе курч, бирок биз чечкенге аракет кылганыбыз менен Финансы министрлиги акча бөлбөй жатат деп айта аласызбы? Президент тапшырма берип жатат, бардык маселелерди чечкиле деп. Кимге берип жатат, эгерде аткарылбаса? Президенттин жарлыгы чиновниктер тарабынан аткарылбай жатат, көйгөйдүн баары мына, ушунда”. 

Надира Жусупбекова санитардык нормадан ашып кеткен мектептердеги шартты жакшыртуу үчүн Финансы министрлигинен каражат сурашканын жана бул маселенин үстүндө иштеп жатышканын билдирди.