Кыргызстанда майыптыгы бар балдар үчүн атайын бала бакчалар курулуп баштайт
7 апрель

Кыргызстанда майыптыгы бар балдар үчүн атайын бала бакчалар курулуп баштайт

Кыргызстанда майыптыгы бар балдар үчүн атайын бала бакчалар курулуп баштайт. Бул тууралуу агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында билдирди. 

Депутат Медина Кайрылбекова ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар унутта калып жатканын белгилеп, алардын ата-энелери эс алуусу же башка жумуш караштыруусу үчүн атайын бала бакчалар керектигин айтты. 

“Бул жаатта кандай иштерди жасап жатасыздар? Кыргызстанда 35 миңге жакын майыптыгы бар балдар бар. Бирок бул бир чети эле болсо керек, анткени кыргызда баласынын оорусун кабыл алгысы келбей, коомчулуктан жашыргандар да болот. Мындай балдар үчүн кандайдыр бир долбоорлор каралганбы?” – деп сурады. 

Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, учурда жеке компания 250 орундуу бала бакчаны Бишкекке куруп жатат жана ал майыптыгы бар балдарга арналган. Ошондой эле ал белгилегендей, майыптыгы бар балдар үчүн бала бакча курууда ишкерлерге жардам берүү максатында министрлик жеңилдетилген кредит боюнча долбоор түзгөн жана ал МинКабдын токтому менен бекитилген. 

“Анын алкагында беш ишкерге жеңилдетилген кредит берилди, алар беш бала бакча ачты. Андан сырткары үйдө отурган айым ишкерлердин үйү чоң болсо, аларга үй тибиндеги бала бакча ачууга уруксат берилди жана бул жаатта акысыз окутабыз”, – деди орун басар. 

Депутат Кайрылбекова 100 балага ылайыкталган бала бакчалардын кызматкерлеринин айлыгы 4 миң сомго чейин гана экенин билдирди. 

“100 балага ылайыкталган бала бакчалардын табелдери өзгөчө болобу? Мисалы, Бакай-Ата районундагы ушундай бала бакчанын кызматкерлери 1600 сомдон 4 миң сомго чейин гана айлык акы алышат экен. 100 бала эгер аз сезилсе, кызматкерлер 2 саат карап туруп, үйүнө кетип калышпайт да. Эртеден кечке бала бакчада жүрүшөт”, – деди ал. 

Агартуу министрлигинин өкүлдөрү бул маселени карап, депутатка маалымат берүүнү убадалашты.