Бишкекте билим берүү тармагында жасалма интеллект технологияларын колдонуу маселеси талкууланды
Бишкектеги Борбордук Азия университетинде 18-ноябрда тегерек стол өткөрүлүп, жогорку билим берүү тармагында жасалма интеллект технологияларын колдонуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Илим министрлиги кабарлайт.
Иш-чарага Борбордук Азия университети, Борбордук Азиядагы Америкалык университет, Борбордук Азия эл аралык университети, ошондой эле Назарбаев университетинин жана башка билим берүү мекемелеринин эксперттери катышты.
КР илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Нурлан Ому́ров жогорку окуу жайларынын санариптик трансформациясынын негизги багыттарын белгилеп, окуу процесси, илимий ишмердүүлүк жана администрациялык башкарууда жасалма интеллект технологияларын киргизүүнүн маанисине токтолду.
Катышуучулар жасалма интеллекттин практикалык колдонулушуна байланышкан мисалдарды талкуулап, этика, академиялык адилеттүүлүк жана санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү маселелерин карашты.
Жыйынтыгында заманбап билим берүү экосистемасын калыптандырууда ЖОЖдор менен эксперттик коомчулуктун тыгыз кызматташуусу зарыл экени белгиленди.
